АКШда жаңы миграциялык саясаттан улам 730 миң окуучу депортацияланышы мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Президент Дональд Трамптын жаңы миграциялык саясатынын алкагында 730 миңден ашуун окуучу АКШдан депортацияланышы мүмкүн экенин The Washington Post гезити жазды.
"АКШда 733 миң бала тиешелүү документи жок жашайт", — деп айтылат маалыматта.
Басылманын айтымында, эми миграциялык кызматкерлер мектеп, оорукана жана чиркөөлөрдү текшере баштайт.
Буга байланыштуу ата-энелер балдарын үйдөн чыгаруудан кооптонуп жатканы айтылды. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары федералдык саясатты жеңилдетчү эрежелерди иштеп чыгууда.
Дүйшөмбү күнү Дональд Трамп АКШнын 47-президенти болуп келген салтанаттагы сөзүндө Американын аймагына мыйзамсыз кирип жаткандарды тез арада токтотууга жана миллиондогон мигранттарды экстрадициялоо ишин баштоого убада берген.
АКШда мыйзамсыз мигранттарды кармоо иши башталды