Бишкекке Түркиядан 43 автобус келди

Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бишкекке Түркиядан Izuzu автобустарынын үчүнчү партиясы келгенин мэрия кабарлады.
1 / 2

Бишкекке Түркиядан 43 автобус келди

2 / 2

Транспорт үч эшиктүү, 85 жүргүнчүгө ылайыкташкан

Маалыматта калаага мындай автобустарын 43ү келгени айтылат. Алар үч эшиктүү келип, 85 жүргүнчүгө ылайыкташкан. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандустар жана кош бойлуу аялдар менен кары-картаңдарга атайын орундуктар каралган.
Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн бардык шарттар түзүлгөн: видеокамералар, кондиционер орнотулуп, телефон кубаттагычтар менен жабдылган.
Жакын арада борбор калаага дагы 25 автобустун келиши күтүлүп жатат.
Бишкекте накталай жол кире 40 сомго жетет. Долбоор талкууга чыгарылды