26-январга карата аба ырайы

26-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. 26-январь, жекшембиде, республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +2...+7, Талас аймагында +1...+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көлдө 0...+5 градус жылуу болот. Нарын аймагында суук көбүрөөк сезилип, термометр -2...-7 градусту көрсөтөт.
Ал эми борбор калаада +4…+6, Ош шаарында +7...+9 градус жылуу болору күтүлөт.
Төө-Ашууда кар көчкү атып түшүрүлүп, жол маал-маалы менен жабылууда