БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Владимир Зеленский периште эмес, ал Украинада атайын операциянын болушуна жол бербеши керек эле. Мындай пикирин АКШ президенти Дональд Трамп айткандыгын РИА Новости жазды.
"Силерге айтып коеюн, азыр баарын ордуна келтиргиси бар. Болушунча болду. Зеленский бул нерсеге жеткирбеши керек эле. Анын периште эместигин билесиңер, бул согуштун башталышына жол бербеши керек болчу", — деген Трамп Fox News телеканалына берген интервьюсунда.
АКШ президенти Зеленский согушууну каалагандыктан Украинадагы кармашты жөнгө салуу иши чечилбегендигин белгиледи.
"Биз макулдашмакпыз, бирок Зеленский согушууну чечти", — деп кошумчалаган.
Ак үйдүн башчысы кармаштын кесепетинен Украина какшып калгандыгын айтып, чатакты "токтоосуз" бүтүрүүгө чакырды. АКШ президенти муну менен катар эле Россия армиясы Украинаныкына караганда кубаттуураак экендигин белгилеп, эгерде чатак "тез арада" чечилбесе Москвага кайрадан санкциялар, бажы алымдары салынарын айтып опузалады.
Буга чейин Трамп Украина боюнча атайын өкүл Кит Келлогго Москва — Киев чатагын 100 күн ичинде чечүү боюнча тапшырма берген.