Быйыл Эгемендүүлүк күнүнө карата негизги иш-чаралар Жалал-Абадда өткөрүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Президенттин тапшырмасы менен Кыргызстандын быйылкы Эгемендүүлүк күнүнө карата иш-чаралар Жалал-Абад облусунда өткөрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
Мындай чечим өкмөт башчы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда облусту өнүктүрүү маселеси боюнча өткөн жыйында айтылды. Анда мааракеге карата даярдыктар талкууланып, концепциянын долбоору сунушталды.
Маалым болгондой, Эгемендүүлүк күнүнө карата Жалал-Абад облусунда 30дан ашык ишканаларды, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди ачуу пландалууда.
Салюттан да бийик! Жаңы жылдагы түнкү Бишкектин асмандан көрүнүшү. Сүрөттөр