Беларуска кирип баруу, ордунан чыкпаган план. Видеоинфографика

Беларуска карата диверсиялык үч чалгын топ жана жай жарандардын өлүмү деген сөздөр камтылган ниети жакшы эмес сценарий түзүлгөн.
Sputnik
Кеп Литва, Польша жана Украинанын атайын кызматтары даярдаган ишке ашпай калган аскердик чабуулдун (башкача атай да албайсың — ред.) планы туурасында болуп жатат.
Камданып алгандар Беларустун Мокраны агрошаарчасындагы районго жана Сушитница кыштагына диверсиялык эки чалгын топ менен кирип барууга ниеттенишкен.
...Алар жай жарандардын өлүмүн эсепке албай, чек арачылардын, милициянын көңүлүн өзүнө бурмак болушат. 120 кишиден турган диверсиялык үчүнчү топ сооттолгон техника, оор куралдар менен бул учурда Малорита шаарына кирмек. Шаардан орун алып алгандан кийин согушкерлер анын "бошотулганын" жар салып, "мыйзамдуу демократиялык топторду" чакырмак. Жалпысынан алып караганда, максаты баягы эле: туруктуулукту бузуу, демократиянын атын жамынып коомго бүлүк салуу, мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирүү болгон.