25-январга карата аба ырайы

25-январда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда, ашууларында кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болот. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Ишембиде өлкөнүн бардык аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +1…+6, Талас облусунда +5…+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +4…+9 градус жылуу болсо, Ысык-Көл өрөөнүндө -1…-6, Нарын жергесинде -2…-7 градус суук болору айтылды.
Күндүн табы борбор калаада +4…+6, Ош шаарында +6…+8 градуска чейин көтөрүлөт.
Төө-Ашууда кар көчкү атып түшүрүлүп, жол маал-маалы менен жабылууда