Кёрлинг боюнча курама команда биринчи жолу Азия оюндарына катышат

Sputnik
Кыргызстанда Кёрлинг федерациясы ачылып, команданын түптөлгөнүнө көп болгон жок. Бирок кыска убакытта жакшы көрсөткүчтөргө жете алды. Мисалы, былтыр Шотландияда Олимпиада оюндарына тандап алуу мелдешине, бир катар эл аралык турнирлерге да катышты. Эми тарыхта биринчи жолу кышкы Азия оюндарына барат. Ири мелдештеги кыргызстандык спортчулардын даярдыгы тууралуу Кыргызстандын керлинг федерациясынын президенти Тынчтыкбек Саматов айтып берди.