“Айыл чарбасын каржылоо” долбоору уланат — эми техниканы лизингге алуу жеңил

Sputnik
“Айыл чарбасын каржылоо-13” долбоорун иштеп чыгуу аракети көрүлүүдө. Долбоор февраль айынын башында ишке кирип, насыя бериле баштайт. Анда дыйкан, фермерелрди колдоо максатында насыяларды берүү мөөнөтү менен суммасында өткөн жылга салыштырмалуу өзгөрүүлөр болот. Ал эми “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында 2024-жылы жалпы 4 миллиард 862 миллион сомду түзгөн 12 108 насыя берилди. Айыл чарбасындагы дыйкан, фермерлерди колдоого багытталган долбоорлор тууралуу “Ачык кеп” программасында сөз болду.