Жаңы макам Жалал-Абад шаарына эмне берет? - чет өлкөлүк туристтерди эмнелер кызыктырат?

Sputnik
Жалал-Абад шаары Түрк мамлекеттер уюмунун туристтик борбору статусуна ээ болду. Буга чейин бул макамга Казакстандын Түркстан шаары ээлик кылып келген. Бул статус Жалал-Абад шаарынын туристтик потенциалын күчөтүп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга өбөлгө түзөрү айтылды. “Спутниктен сүйлөйбүз” программасынын алкагында бул макамдын маңызын чечмелеп жана түрк дүйнөсүн Кыргызстанда эмнелер кызыктырарын кеп кылдык.
Биздин суроолорубузга мурдагы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жооп берди.