Коррупция үчүн катаал жаза колдонуу январь айында күчүнө кирери тууралуу көп эле айтылды. Буга карата мыйзамдын бир катар да пунктарына да өзгөртүүлөр кирген. Коррупциянын денгээлин төмөндөтүү боюнча жасалып жаткан иштер жана 2024-жылдын аягында президент кол койгон коррупцияга каршы жазаларды катаалдаштыруу мыйзамы тууралуу Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин мүчөсү Ялкун Даутов “Күн Башат” программасында болуп, мыйзамга кирген өзгөртүүлөрдү чечмелеп, бир катар суроолорго жооп берди.