Пресс-борбор

Эксперт: ЕАЭБди өнүктүрүү үчүн анын ар бир мүчөсү салым кошушу керек

Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. ЕАЭБдин ар бир мүчөсү биримдикти өнүктүрүүгө чоң салым кошуусу зарыл. Бул тууралуу аналитик Александр Козлов Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн видеокөпүрөдө билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн алдында бир катар амбициялуу милдеттер турат, аларды ишке ашыруу үчүн өз ара макулдашууларга баруу зарыл. Ал башкалар аз же көп иштеп жатат деп тынчсызданбай, күчтү бириктирүү керектигин айткан.
"Келечектеги кызматташуунун оптималдуу моделин ойлонуу зарыл", — деди Козлов.
Беларустук экономист Ирина Новикова ЕАЭБди өнүктүрүү стратегиясын биргелешип иштеп чыгуу зарылдыгына токтолду.
"Жалгыз-жалгыздан "муунтуп" койсо болорун ар бир өлкө түшүнүшү керек. ЕАЭБдин өнүгүшүнө өлкө гана эмес, мүчө мамлекеттердин илимпоздору жана саясатчылары бирдей сунуштарды бериши керек", — деди Новикова.
ЕЭК эки кооперациялык долбоорду ишке ашыруу үчүн субсидия берүүгө макул болду