Пресс-борбор

Экономист ЕАЭБди өнүктүрүүдө бурулуш жасоо үчүн эмне керектигин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттер алдыңкы технологияларды эптүү колдонсо дүйнөлүк аренада алдыңкы орундарды ээлей алат. Бул тууралуу экономист Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн видеоконференцияда билдирди.
Ал санариптик технологиялар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатарын белгиледи.
"Ийгиликке жетүү үчүн маалыматтык базаны гана даярдап отуруп калбастан, айыл чарбасында, өнөр жайда, кайра иштетүүдө, логистикада кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын анализдөө зарыл. Ал эми жаңы технологиялар эффективдүүлүктү жогорулата турган ресурска айланышы үчүн бардык нерсе бири-бирине шайкеш иштеши керек", — деди Акимова.
Анын айтымында, ар бир мүчө-өлкө ЕАЭБди өнүктүрүүдө өзүнүн негизги багытын аныкташы керек. Ошого жараша тоскоолдуктар менен тобокелдиктерди азайтууга болот.
ЕЭК эки кооперациялык долбоорду ишке ашыруу үчүн субсидия берүүгө макул болду