Умрага барчулар үчүн Сауд Арабиясы жаңы талаптарды киргизди

Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Сауд Арабиясында жаңы медициналык-санитардык талаптар жана умрага бара турган чет элдиктер үчүн сунуштар киргизилгенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, эми бир жаштагы баладан тарта бардык курактагы адамдар менингококк менингитине каршы эмдөөдөн өтүп, тиешелүү сертификатка ээ болушу керек.
"Эмдөө Сауд Арабияга келерден кеминде 10 күн мурун же вакцинанын түрүнө жараша акыркы 3 же 5 жылдын ичинде алынышы керек", — дешти министрликтен.
ТИМ жаңы талаптар менен кененирээк Сауд Арабиясынын Саламаттык сактоо министрлигинин сайтына таанышууга болорун белгиледи.
Кыргызстан Перс булуңунун алты өлкөсү үчүн визасыз режим киргизет