Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Россияга жамандык каалабасын айтып, бирок санкциялар менен коркутту

Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Россияга зыян келтиргиси келбегенин, бирок Москва атайын операциясын токтотпосо жаңы санкциялар жана бажы төлөмдөрү киргизилерин эскертти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Мен Россияга зыян келтиргим келбейт. Мен орус элин жакшы көрөм жана президент Путин менен ар дайым жакшы мамиледе болчумун", — деп жазды Трамп.
Ал Украинадагы жаңжалды тез арада токтотууга чакырып, анын узакка созулушу терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин эскертти. Маселени "жеңил же оор жол" менен чечүүгө болорун айтып, жеңил жагына дайыма артыкчылык берилерин билдирди.
"Эгерде келишимге жете албасак, Россиянын товарларына жогорку деңгээлдеги салыктарды, бажы төлөмдөрүн жана санкцияларды киргизүүдөн башка арга жок калат", — деп кошумчалады Трамп.
Буга чейин Трамп ал президент болуп турса Украинадагы кагылыш башталбастыгын, бирок кайра президент болуп келсе маселени 24 сааттын ичинде чечүүгө ниеттенгенин белгилеген. Ал 20-январда АКШ президенти катары расмий түрдө кызматка киришип, Капитолийде өткөн инаугурацияда ант берди.
Ал эми Кремль бул кагылышууну бир күндө чечүү өтө татаал экенин айтып келет. Маселен, Россиянын президенти Владимир Путин июндагы кайрылуусунда жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча демилге көтөргөн: Киев бийлиги НАТОго кошулуу ниетинен расмий түрдө баш тартса Москва ок атышууну токтотууга жана сүйлөшүүлөргө даяр экенин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Трамп Украинадагы согушту жүз күн ичинде токтотууну тапшырды