БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Чет өлкөлөрдө жашаган блокадачылар Ленинграддын курчоодон чыгышынын 81 жылдыгына карата өткөрүлө турган иш-чарага чогулушат. Бул тууралуу Sputnik Ближнее зарубежье каналы кабарлады.
Эскерүү 25-январда башталып, төрт күнгө созулат. Санкт-Петербург шаарында өтө турган иш-чарага Абхазия, Армения, Беларусь, Германия, Израиль, Казакстан, Кыргызстан, Латвия, Молдова, Өзбекстан жана Эстонияда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери чакырылган.
Белгилей кетсек, 1941-жылдын 8-сентябрында Ленинград блокадада калып, шаар жашоочулары үчүн 872 күнгө созулган эң оор мезгил башталган. Нева суусунун боюндагы калаа 1944-жылдын 27-январында бошотулган. Шаар үчүн айыгышкан салгылашта СССРдин миллионго жакын өкүлү, анын ичинде 4,5 миң кыргызстандык курман болгон.