Кыргызстанда 2027-жылдан тарта санарип сомду жүгүртүүгө киргизүү пландалууда

Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Улуттук банк 2027-жылдан тарта санарип сомду жүгүртүүгө киргизүүнү пландап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда жактырылды.
Парламентте баяндама жасаган Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мэлс Аттокуровдун айтымында, санарип сом өлкөнүн улуттук валютасынын үчүнчү формасы болуп эсептелет жана учурда колдонулуп жаткан накталай, накталай эмес акчалар менен катарлаш иштейт. Ал Улуттук банк тарабынан гана чыгарылып, көзөмөлдөнүп, коопсуздугу камсыздалат.
Депутаттар талкуу маалында санарип сомдун коопсуздугу жана инфраструктуранын даярдыгы тууралуу суроолорду беришти. Маселен, депутат Нилуфар Алимжанова санарип сомдун улуттук валютага эквиваленттүүлүгү боюнча суроо көтөрдү. Баяндамачынын айтымында, санарип сом накталай жана накталай эмес сомдор менен бирдей колдонулат жана улуттук валютанын үч формасы тең бир баада болот. Ал ошондой эле бул валютаны интернет жокто деле колдонууга болорун кошумчалады.
Депутат банк тиркемелеринде мүчүлүштүк болсо кардарларга кенемте төлөөнү сунуштады