Президент Ысык-Көл облусунун башчысы менен Ош шаарынын мэрин алмаштырды

Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Уланбек Далиев президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу иштен алынган. Анын ордуна буга чейин Ош шаарын жетектеп келген Бакытбек Жетигенов барды.
1 / 3

Уланбек Далиев

2 / 3

Бакытбек Жетигенов

3 / 3

Жеңишбек Токторбаев

Мамлекет башчынын дагы бир буйругу менен Ош шаарынын мэри болуп Жеңишбек Токторбаев дайындалды.
Токторбаев 57 жашта. Ал Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Жыгач айылында туулган. 2021-жылы "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
Жакында акталган Самаев президенттин Жалал-Абаддагы өкүлүнүн орун басары болду