БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында катуу шамал болуп, эки киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 06:22де батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 28-34 метрге жеткен.
© Фото / пресс-служба МЧС КР
"Шамалдын кесепетинен Балыкчы шаардык аймактык ооруканасынын чатыры учуп, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн терезеси сынган. Натыйжада 33 жаштагы аял жана эки жаштагы бала жабыркаган. Учурда алардын абалы туруктуу, дарыгерлердин кароосунда", — деп айтылат маалыматта.
Окуя болгон жерге тактоо иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин башкармалыгынан ыкчам топ тартылып, чыгымдар такталып жатканы кошумчаланды.