Беларуста президент шайланат. КМШ байкоочулары өлкөнү кыдырып чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Ушул жекшембиде президенттик шайлоо өтө турган Беларуста учурда КМШ мамлекеттеринен 40 байкоочу иштеп, өлкө аймагын кыдырып чыгышты. Бул тууралуу шериктештиктин башкы катчысы Сергей Лебедев билдирди.
Ал байкоочулар шайлоо комиссияларынын жетекчилери менен жолугуп, шайлоо участкаларын карап чыгышканын белгиледи. Лебедевдин маалыматы боюнча, КМШнын жети мамлекетинен жалпы 296 байкоочу аккредитациядан өткөн. Шайлоого көз салуу үчүн ШКУнун баш катчысынын келери да күтүлүп жатат.
Беларуста кезектеги президенттик шайлоо 26-январга белгиленген. Азыркы өлкө башчы Александр Лукашенкону кошкондо президенттик кресло үчүн беш талапкер ат салышууда.
Өлкө Конституциясына ылайык, мамлекеттин жетекчиси беш жылга шайланат. Ушу тапта өлкө аймагында мөөнөтүнөн мурда добуш берүү өтүүдө.
Шайлоонун жыйынтыгын БШК 5-февралга чейин жарыялашы шарт. Эгер талапкерлердин бири дагы шайлоочулардын добушунун 50 пайызын ала албаса, экинчи тур жарыяланат. Ал болжол менен 9-февралда добуштардын көбүнө ээ болгон эки талапкердин арасында өтүшү мүмкүн.
ЖК вице-спикери бир мандаттуу округдардагы шайлоодон баш тартууну сунуштады