Депутат банк тиркемелеринде мүчүлүштүк болсо кардарларга кенемте төлөөнү сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Банктардын мобилдик тиркемелериндеги мүчүлүштүктөр үчүн кардарларга кенемте төлөөгө милдеттендирген мыйзам долбоорун иштеп чыгуу зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Эгембердиев билдирди.
Ал мындайда дүкөндөрдө QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү мүмкүн болбой калып, товарларды кайра текчеге коюуга туура келерин белгиледи.
Эгембердиев банктар мүчүлүштүктөр үчүн кандай жоопкерчилик тартарын сураганда Улуттук банктын төрагасынын орун басары банктарга уставдык капиталынын 10 пайызына чейин айып пул салынарын билдирди.
"Анан бул кардарларга кандай пайда алып келет? Себеби мүчүлүштүктөр мамлекетке эмес, жарандарга ыңгайсыздык жаратат. Мыйзам долбоорун иштеп чыгып, кардарлар жабыркаган учурда банктар компенсация төлөшү керектигин карап чыгуу зарыл. Мисалы, 10 мүчүлүштүк болсо, бир жыл акысыз тейлешсин же миң сом компенсация төлөшсүн", — деди депутат.
"Керемет банк" АКШ салган санкцияга каршы даттанарын билдирди