"Жакшы бизнес". Песков АКШ Украинага жардам берүүдөн кантип акча таап жатканын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. АКШ Украинага жардам берүүдөн акча таап жатат. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Украинага жардам берүүдө Америка европалыктарга кымбат энергоресурстарды сатып акча таап жатат, ошол эле сателлиттерине акчанын көбүн бербей коюп киреше көрүүдө. Буюртмаларды алып, өзүнүн экономикасы үчүн салыктын жаңы түрүн киргизип, жаңы жумушчу орундарды түзүп, жаңы технологияларды өнүктүрүп жатат. Кайсы гана тармакты албайбы, мунун баары жолго коюлган бизнес", — деди Песков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Нарышкин: 2025-жылы дүйнөдөгү абал тынч болбойт