БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. 2025-жылы дүйнөдөгү абал тынчыйт деп айтууга болбойт. Бул тууралуу Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, көп нерсе регионалдык жана глобалдык оюнчулардын акыл-эси менен сабырынан көз каранды болот.
Нарышкин ушу тапта бир полюстуу дүйнөдөн "жаңы, адилеттүү дүйнө тартибине өтүү" процесси жүрүп жатканын белгилеген.
"Бул процесстин өзүнүн жөнөкөй эмес тобокелчиликтери бар", — деди ал.
Декабрда Нарышкин АКШ менен Европанын өз ара ыйкы-тыйкысы көп болорун, көнгөн адаты боюнча алар мунун баарынан "Моксванын изин" көрө берерин божомолдогон.
Көп полюстуу дүйнөнүн келечегине баа берип жатып, Нарышкин анда башкалар менен укугу теңдештирилген АКШ да, Европа да болушу керектигин белгиледи.