«Стоп кадр» программасында буга чейин тасманы тартуу иштери тууралуу көбүрөөк айтып келсек, бул жолу дал ошол кино адистери кантип даярдала турганы жана аларга түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеп кылдык. Ошондой эле эфирибиздин коногу КР эл артисти, III даражадагы “Манас” орденинин кавалери, режиссер жана профессор Молдосеит Мамбетакунов кыргыз киносунун азыркы абалы, келечеги жана “Кыргыз керемети” жөнүндө ойлору менен бөлүштү.