Учурда өлкөдө 3500 жакын бейтап гемодиализ алып жатат. Ал эми 44 гемодиализ борбору иштейт. Бейтаптар гемодиализди акысыз алышат. Бул үчүн ар бир бейтапка бир сеанс диализине мамлекет тарабынан 6500 сом бөлүнөт. Бирок азыркы тапта бейтаптар убагында дарыланбай, гемодиализ процедурасы сапаттуу жасалбай жатат. 3-4 айдан бери Баткен облусунун Үч-Коргон айылында жайгашкан “Саламат госпиталь” гемодиализ борбору суук, шарттары түзүлгөн эмес. Бүгүнкү күндө кыйналып, ден-соолуктары начарлап кеткен бейтаптар арыз жазып Саламаттык сактоо министрлигине кайрылышты. Тилеке каршы бүгүнкү күнгө чейин жооп жок.
Бул туурасында “Ачык кеп” пограммасынын алкагында берүүнүн меймандары маалымдашты.