Бала бакчалардын жетекчилери кандай жол менен тандалат

Sputnik
Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыяланып, учурда сынактын төртүнчү этабында талапкерлердин арыздары жана документтери катталат. Каттоо 2025-жылдын 13-январынан башталып, 27-январга чейин болот. Программанын жүрүшүндө мейманыбыз Рыскүл Маданбекова менен сынактын жүрүшү, коюлган талаптар жана бала бакчалардагы тарбия иштери, билим берүүнүн сапаты, балдардын логопед адистеринин жардамына муктаждыгы тууралуу баарлаштык.