Дональд Трамп инаугурациясында ант берип, АКШнын президенти кызматына расмий киришти. Ал вице-президент Жей Ди Вэнс менен Капитолийдин ротондасында ант беришкен. Американын 47-өлкө башчысы кандай кадамдарга барат? Россия, Кытай, Борбор Азия менен мамилеси тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директору, саясий илимдердин доктору Токон Мамытов пикири менен бөлүштү.