Лавров: Россия менен Кыргызстандын аймактык маселелер боюнча позициясы жакын

Россия менен Кыргызстандын желектери. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Россия менен Кыргызстандын аймактык жана глобалдык маселелер боюнча позициялары туура келет же өтө жакын. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кыргызстандык кесиптеши Жээнбек Кулубаев менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча билдирди.
"Биз баарына бирдей колдонула турган БУУнун жоболорун сактоо маанилүү экендигин белгилейбиз", — деди Лавров.
Ал Кулубаевге ЖККУга төрагалык кылууда Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттары боюнча маалымат бергени үчүн ыраазычылык билдирди.
"Биз бул пландарды жана артыкчылыктарды колдойбуз жана зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө даяр экенибизди ырастайбыз", — деди ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Россияда расмий сапар менен жүрөт. Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашат.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев
Лавров: Кыргызстандын Россия менен кызматташуусу бардык тармактарда чыңдалууда