Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Украина менен болгон маселеде юридикалык макулдашуулар маанилүү

Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Украина менен болгон чатакты жөнгө салууда кеп бузууга болбой турган механизмдер бекитилген юридикалык макулдашуулар жаатында жүрүшү шарт. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кыргызстандык кесиптеши менен болгон жолугушууда билдирди.
"Кесиптештерибизди (кыргыз – ред.) Украинадагы чатакты жөнгө салуудагы акыркы окуялар боюнча маалымдар кылдык. Атайын операцияда коюлган максаттарга жетүү боюнча ойдон кайтпасыбызды жана анын түпкү себептерин жок кылуу менен кризисти жөндөөнү белгиледик. Ансыз чыр-чатакты токтотуу мүмкүн эмес экенин түшүнүү, демек, Европада жана АКШда да күч алууда. Кеп бузууга болбой турган механизмдер бекитилген ишенимдүү, юридикалык жактан милдеттендирген келишимдер туурасында болорун айттык", — деди Лавров.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев учурда Россияда иш сапары менен жүрөт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Трамп Украинадагы согушту жүз күн ичинде токтотууну тапшырды