БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Украина боюнча атайын өкүл Кит Келлогго Москва — Киев чатагын 100 күн ичинде чечүү боюнча тапшырма берди. Бул туурасында РИА Новости The Wall Street Journal басылмасына таянып жазды.
"Президент Трамп Украина боюнча атайын өкүл Кит Келлогго Украинадагы согушту жүз күндүн ичинде жөнгө салууга тапшырма берди", — деп айтылат маалыматта.
Макалада муну менен катар эле чындыгында эч ким Келлогг муну жасай алат деп ойлобой турганы айтылган. Гезиттин маалыматына таянсак, америкалык жаңы лидер Украина боюнча сүйлөшүүлөр процессин жеке өзү көзөмөлдөөгө ниеттенип жатат.
Эске салсак, Трамп шайлоо алдындагы эл менен жолугушууларынын биринде Украинадагы чатакты бир күндө жөнгө салып коерун жар салган. Шейшемби күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио саясатчы өзүнүн пландарын ишке ашыра электигин, ал үчүн "дипломатиянын оор иштери" керек экендигин айткан.
РФ лидери Владимир Путин Америка президентинин администрациясы менен согуш боюнча диалогго Россиянын ачыктыгын билдирген. Анын айтымында, кырдаалды жөнгө салуунун максаты утурумдук кепке келүү эмес, узак мөөнөттүү тынчтык болушу керек.
Президент Россия бир нече убакыттан бери айтып келе жаткан кризистин биринчи себептерин жок кылууга чакырган. Ал Москва Россия менен анын элинин кызыкчылыктары үчүн күрөшө тургандыгын, атайын операциянын маани-максаты да ушул маселе экендигин айткан.