Россия менен Өзбекстан аскердик жаатта кызматташат. Видео

Россия министрин Мирзиеев кабыл алып, алар аймактык кооопсуздук маселелерди сүйлөшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Россия менен Өзбекстандын коргоо министрлери Андрей Белоусов жана Шухрат Халмухамедов 2025-жылдагы кызматташуу, 2026-2030-жылдары аскер жаатындагы стратегиялык өнөктөштүк программасынын алкагындагы пландарга кол коюшту. Бул туурасында россиялык министрликтен кабарлашты.
Эске салсак, Белоусов бүгүн Ташкентке расмий иш сапар менен барган.
Россиянын аскер ведомствосунан быйылкы кызматташуу биргелешкен 50 иш-чараны камтый турганын билдиришти. Бул алака эки министрликтин ортосунда ар кыл багытта болмокчу.
Андан кийин россиялык министрди Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев кабыл алган.
"Жолугушууда аймактык кооопсуздук маселелери талкууланып, Борбор Азиядагы аскердик-саясий кырдаалга баа берилди", — деп айтылат маалыматта.
Кызматташуу артат. Москвада КМШнын коргоо министрлеринин жыйыны өттү