Өзгөрө турчу убак келди! Орбан Россияга каршы санкциялар боюнча ЕБге кайрылды

Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Евробиримдикти антироссиялык санкцияларга мамилени кайра карап чыгууга чакырды. Бул тууралуу ал соцтармакта билдирүү калтырганын РИА Новости жазды.
"Брюсселдин бюрократтары иштеп чыккан санкциялар бир гана максатка жетти: европа экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жок болду. Өзгөрүүлөрдүн мезгили келди!" — деген саясатчы.
Премьер-министр Россияга каршы салынган санкциялардын пайдасы болбогонун, алар Украина чырын жөнгө сала албай, Европа энергоресурстарына альтернатива таба албаганын белгилеген.
Ал эми Россия кастарын тиккен өлкөлөрдүн бир нече жыл мурун баштаган санкциялык кысымына туруштук бере аларын айтып келет. Батыштын өзүндө деле чектөөчү чаралар майнапсыз деген пикирлер жаңырган.
РФ президенти Владимир Путин Россияны чектеп, ооздуктоо саясаты каршы тараптын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин, санкциялар жалпы дүйнөлүк экономикага оор сокку урганын белгилеген. Анын айтымында, Батыштын максаты — миллиондогон кишинин жашоосун начарлатуу.
Словакияда ЕБ санкциялардан улам атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жоготконун айтышты