БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын ортосунда толук түшүнүшүү бар, эки өлкөнүн чечилбей турган маселеси жок. Бул тууралуу КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Москвага жасаган иш сапарынын алкагында билдирди.
Ал өткөн жылы эле өлкө президенти Садыр Жапаров Россияга беш жолу, министрлер кабинетинин төрагасы алты, Жогорку Кеңештин төрагасы үч ирет барганын белгиледи. Кулубаев бул нерсе ортодогу саясий диалог канчалык жакшы жүрүп жатканынан кабар берерин билдирди.
"Биз көптөгөн негизги маселелер боюнча жалпы позицияны карманабыз жана эл аралык уюмдардын, интеграциялык бирикмелердин алкагында бири-бирибиздин демилгелерибизди колдойбуз. Мунун баары БУУнун, ЖККУнун, ЕАЭБдин, ШКУнун, Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним чаралары боюнча жыйындын, "Борбор Азия жана Россия" диалогдук платформасынын алкагында ишке ашып келет", — деди Кулубаев.
Тышкы саясат ведомствосунун башчысы быйыл ЖККУга, андан кийин ШКУга төрагалык кылуунун Кыргызстанга өтүшү Россия менен көп жана эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын кошумчалады.