ЕАЭБ кайсы азык-түлүк менен өзүн-өзү камсыздоого жетишкени айтылды

Дүкөндөгү сүт бөлүмү. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. ЕАЭБде эт, сүт жана жумуртка менен камсыздоо деңгээли жогорулады. Бул тууралуу ЕЭКтин агроөнөр жай саясаты жана мамлекеттер аралык долбоорлор бөлүмүнүн башчысы Мария Байгот билдирди.
Анын айтымында, биримдикке мүчө өлкөлөрдүн эт боюнча өзүн камсыздоосу 100 пайыздан ашат. Ал эми сүт жана жумуртка боюнча бул көрсөткүч 99 пайызды түзөт. Жалпысынан ЕАЭБдин калкы бир жыл ичинде 15 миллион тонна эт, 44 миллион тонна сүт продукциясын жана 50 миллиарддан ашык жумуртка керектеген.
"Евразиянын азык-түлүк продукциясы эл аралык рынокто дагы чоң суроо-талапка ээ. Биримдик өсүмдүк майларын дүйнөнүн 90дон ашык өлкөсүнө, ал эми дан азыктарын 100гө жакын өлкөгө экспорттоодо. Бирок мөмө-жемиш боюнча импортко болгон көз карандылык (50%) дагы деле жогору. Ошентсе да Армения жана Кыргызстан мөмө-жемиш өндүрүүдө өзүн-өзү камсыздоонун жогорку деңгээлине жетишкен өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул өлкөлөрдө ички рынокту камсыздоо жана ЕАЭБдин алкагында жеткирүүлөрдү көбөйтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар", — деди Байгот.
Азыркы учурда ЕАЭБдеги дүкөндөрдө Армениянын абрикосу, Беларустун сүтү, Казакстандын кесмеси, Кыргызстандын алмасы жана Россиянын уй стейктери сунушталып жатканы кошумчаланды.
Иран желеги. Архив
ЕАЭБ: Иран менен эркин соода келишими боюнча уюмдагы процедуралар бүттү