Кулубаев: Россия менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсү 3,2 млрд. долларды түздү

Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. 2024-жылы Россия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 3,2 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен болгон сүйлөшүүлөрдө билдирди.
Ал белгилегендей, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 16,6 пайызга өскөн.
"Биздин жетекчилер бул көрсөткүчтү 5 миллиард долларга жеткирүү максатын коюшкан. Ведомстволор бул багытта иш жүргүзүшү керек", — деди Кулубаев.
Министр Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду эки тараптуу мамилелерди илгерилетүүдөгү кыймылдаткычтардын бири экенин белгиледи. РКӨФ түзүлгөндөн бери 760 миллион долларга 3 505 долбоор каржыланган.
Лавров: Кыргызстандын Россия менен кызматташуусу бардык тармактарда чыңдалууда