Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз ара инвестициясы. Инфографика

Борбор Азия өлкөлөрүнүн желектери. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Борбор Азиянын өлкөлөрү өз ара инвестиция боюнча активдүүлүктү көрсөтүп, ал 40 пайызга өстү.
Бул маалыматтар Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) 2024-жылдагы өз ара инвестицияларынын мониторингинде айтылган. Көрсөткүчтөр аталган аймактагы республикалар арасында инвестициялык байланыштардын өсүшүнөн кабар берет.
2024-жылдын биринчи жарым жылынын соңунда Борбор Азиянын аймактар ичинде топтолгон инвестициясы 40 пайызга көбөйүп, жарым жылда 834 миллион долларга жеткен.
Региондогу экспорт капиталы боюнча Казакстан алдыда. Бул өлкөнүн инвесторлору аймак ичиндеги 25 долбоордун 18ин ишке ашырып жатат. Анын жалпы көлөмү өткөн жылдын алты айынын соңунда 671 миллион доллар болуп, өсүш бир жарым жылда 17 пайызды түздү.
2018-жылдан тарта Өзбекстандын аймак ичинде топтолгон инвестициясынын көлөмү тездик менен өсүп келет. 2024-жылдын алты айынын соңунда аталган өлкөнүн Борбор Азия республикаларынын экономикасына салымы 6,8 эсе көбөйгөн. Ал эми бир жарым жылда 164 миллион долларга өскөн.
Кыргызстан — аймак ичинде тартылган инвестициялар боюнча лидер. Аймак ичиндеги топтолгон инвестициялардын жарымына жакыны (48,6 пайыз) биздин өлкөгө туура келет. Өткөн жылдын алты айынын соңуна карата анын көлөмү 406 миллион долларды чапчып, бир жарым жылда көрсөткүч 23 пайызга өскөн.
Кыргызстан менен Россиянын президенттери Садыр Жапаров жана Владимир Путин. Архив
Кыргызстан — Россия диалогу. Жыл жыйынтыгы жана келечекке баам