Газпром: Кыргызстанда газдын баасы башка импортчу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн

Включенная газовая конфорка. Архивное фото
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстанда газ импорттогон башка өлкөлөргө салыштырмалуу көгүлтүр оттун баасы арзан. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров билдирди.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Жакышов газга болгон баалар кымбат экенин айтып, тарифти арзандатуу маселесин көтөрдү. Буга жооп кылган Алдаяров өлкө газды импорттой турганын эске салды.

"Баа боюнча айта турган болсок, өлкөдө газ өндүрүшү жок болгондуктан импорттойбуз. Бирок башка импортчу өлкөлөргө салыштырмалуу бизде баа төмөн. Ошол эле ЕАЭБге кирген Армения газды Азербайжан жана Россиядан алганы менен тарифтери биздикинен эки эсе жогору. Бизде минималдуу тарифтер коюлгандыктан, 2014-жылдан бери алганда, былтыр гана чыгымдарды жаба баштадык", — деди Алдаяров.

Ал ошондой эле газ менен жылытуу акысы көмүр жана электр энергиясынан анчалык деле айырмаланбай турганын кошумчалады.
"Газ деген комфорт да. Демек, баасы ошого жараша болот. Учурда керектөө рекорддук көрсөткүчкө жетүүдө", — деди ал.
Адис Кыргызстан газды Россиядан алып жатканын эске салды.
Газ трубалары. Архив
Россия Кыргызстанга газ импортунун көлөмүн жана үлүшүн көбөйттү