23-январга карата аба ырайы

23-январда республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Бейшембиде өлкөнүн айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаап, жолдор тоңуп, тайгак болот. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта -4…-9, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…-5, Ысык-Көл жергесинде -1...-6, Нарын облусунда -8…-13 градус суук болот.
Күндүн табы Бишкекте -5…-7, Ош шаарында 0…-2 градусту көрсөтөт.
Аба ырайы өзгөрүп, күн сууктайт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты