Улуттук илимдер академиясына 70 жыл толду. Бир кылымга чукул бул аралыкта кыргыз илиминин айдыңы да болду, арманы да болду. Дүнүйөнү дүңгүрөткөн ачылыштар жасалып, кыргыз окумуштуулары оозго алынып, эл аралык аренада аты аталган илимпоздорубуз да жок эмес. Ошолордун мындай бийиктиктерди багындырышына алгач өздөрүнүн дилгирлиги себеп болсо, экинчиден аларга болгон мамлекеттин камкордугу жол ачкан дейт биздин бүгүнкү коногубуз. Эгемендүүлүк алган Кыргызстандын илими кандай абалда? Заманбап чакырыктарга жооп бере алабы? Кендирди кескен каржы көйгөйүнөн башка дагы кандай маселелер күн тартибине чыкты? Жаш окумуштуулардын илимге болгон ышкысын ойготуу үчүн эмне керек?
Биз бүгүнкү “Кеменгер” программасынын алкагында химия илимдеринин кандидаты, КР УИАнын президентинин илимий катчысы, 50 жылдык иш тажрыйбасын аталган мекемеге арнаган өз ишинин мыкты адиси Гүлай Осмонканова менен жооп издеп көрдүк.