Өлкөдө көмүр отунун казып алуу, аймактарга жеткирүү жана баасын көзөмөлдөө иштери кандай жүрүүдө?

Sputnik
Быйыл Кара-кече кенинен жалпы 1,5 миллион тонна көмүр казылды. Анын 520миң тоннасы Бишкек ТЭЦке жеткирилип, 790 миң тоннасы менен калк камсыздалды. Азыркы күндө кампаларда 180 миң тонна көмүрдүн запасы бар. “Кыргызкөмүр” ишканасы бул жылы беш жаңы кенин ишке киргизүүнү пландоодо. Жаңы технологиялар колдонулат. Ал эми көмүрдү жеткирүү боюнча көйгөйлөр жок жана баалары туруктуу сакталууда.
Бирок көмүр отунун наркын көтөрүп саткандар аныкталып жатат. Өлкө боюнча жалпы 56 факт катталып, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аз экенин “Ачык кеп” берүүбүздүн меймандары айтып беришти.