Былтыр өрт кырсыгы 2023-жылга салыштырмалуу аз катталды. Бирок өрттүн кесепетинен каза болгондордун саны өскөн. 2024-жылы 47 адам набыт болсо, анын жетөөсү балдар. Өрт кырсыктары көбүнчө турак-жайларда катталып, электр жабдууларынан келип чыккан өрт 64 пайызды түзөт. Өрт электр жабдууларын кароосуз калтыруу же тиричилик техникларын туура эмес пайдалануу, отту жана химиялык заттарды этиятсыз колдонуудан келип чыгат. Ошондуктан ар бир жаран үйүнө өрт сигнализациясын орнотуусу керек. Ал эми ишкананын көлөмүнө карабастан өрт өчүрүү жабдуулары, өрт сигнализациясы жана эвакуация планы болушу шарт. Өрт нормаларын жана коопсуздугун сактоо үчүн компаниянын башкаруучусу жооптуу экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын улук офицери Айбек Каниметов маалымдады.