“Эркек балдарга “дын, “тын”, кыздарга “дан”, “тен” мүчөлөрү кошулат. Депутаттар жарандардын аты-жөнүн өзгөртүүдө дагы кандай сунуштарды беришти

Sputnik
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо кыргызстандыктардын аты, фамилиясын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунушташты. Анда жалпысынан беш вариант сунушталса, мурдагы эрежелер менен сегиз вариантта аты-жөнүн жазууга уруксат болот. Мындай сунушту эл өкүлү кыргыз элин идентификациялоодо түпкүлүгүн эске алуу максатын көздөөрү менен түшүндүрөт.
Аты-жөнүн өзгөртүүдө кандай эрежелер сунушталууда жана жол-жобосу кандай болорун бүгүнкү “Күн башат” программасында талкууладык.