Дүйнөдөгү зоопарктар ролун өзгөртүп, жапайы жаныбарлардын генофондун сактоого өттү. Буга чейин аталган жайлар демонстрация катары кабылданып келгенин Салтанат Сеитова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Караколдогу зоопарк толук реконструкцияга муктаж болуп турат.
"Караколдогу зоопарк 1987-жылы ачылып, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келет. Союз жоюлгандан кийин кыйын учур болгону менен жаныбарларды, канаттууларды багып, сактап келдик. Бул — Кыргызстандагы жалгыз жана ири зоопарк. Бугүнкү күндө дүйнөдөгү зоопарктардын иши кыйындады. Мисалы, зоопарктардын ролу өзгөрүп, жапайы жаныбарлардын генофондун сактоого өттү. Буга чейин демонстрациялоо милдетин аткарып келген да. Дүйнө элинин саны өсүүдө, жапайы жандыктардын түрлөрү кыскарып жатат. Зоопарктын ишин жакшыртууда илимий изилдөөгө да көңүл буруу кажет. Караколдогу зоопарк толук реконструкцияга муктаж болуп турат. Алдыда бул пландар да аткарылат", — деди Сеитова.
Ошондой эле ал Каракол зоопаркы учурда капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, жазында көрүүчүлөргө эшигин ачарын кошумчалады.