Сариев ири өлкөлөр акырындык менен санкциядан баш тартышы керектигин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев ири мамлекеттер акырындык менен бир тараптуу санкциялардан баш тартышы керектигин айтты.
Ал Sputnik агенттигиндеги интервьюсунда жогоруда айтылган чектөөлөр бардык эл аралык келишимдерди тушап, алардын аткарылышына тоскоол болуп жатканын белгиледи.
"Трамп (АКШнын президенти — ред.) башкы теманы айтты. Ага санкциялар эмне болот деген маанайда суроо берилгенде чектөөлөр жаман, ал эми тариф жакшы деди. Балким, ири мамлекеттердин ортосунда тарифтик кандайдыр бир кармаш болоттур", — деди ал.
Мындан улам чоң-чоң өлкөлөр бир чечимге келиши керектигин белгиледи.
"Акыр-аягы ири мамлекеттер бир жактуу санкциялардан баш тартышы керек деп ойлойм. Алар компанияларды эле жүдөтпөстөн, ири алдыда ошол өлкөдө жашап жаткан элдин кызыкчылыктарына залал келтирип жатат. Товарды ташып келүүнү, логистиканы, бааны өзгөртүп, жеткиликтүүлүктү начарлатып жибергендиктен соода менен алектенген ишкерлерге да түйшүк жаратууда", — деп түшүндүрдү Сариев.
Жетекчинин айтымында, эксперттердин көбү санкциялар жарым-жартылай токтотулса инвестиция жаатында, анын ичинде Россиянын экономикасында секирик болот.
"Мүмкүнчүлүк өтө зор, дүйнөлүк компаниялар ресурстарга, логистикага, Россиянын рыногуна жетсем деп турат. Ал эми биздин жалпы рыноктогу, Бажы биримдигинин алкагында саны 200 миллионго (кишиге – ред.) чукул. Бул дагы кызыктыра турган нерсе. Себеби көп товарлар аталган биримдиктин мүчөлөрүнө Россия аркылуу жетет. Тилекке каршы, АКШнын бир катар санкцияларынан улам биз дагы чектелип калып жатабыз", — деди Сариев.
Сариев: Россия — Кыргызстандын негизги өнөктөшү