БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Россия — Кыргызстандын негизги өнөктөшү. Бул туурасында Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Sputnik агенттигине берген интервьюсунда айтты.
Ал инвестиция тартуу эки тараптуу, экономика, финансы жана тышкы иштер министрлеринин, мамлекет менен өкмөт башчылардын жолугушууларындагы башкы тема экендигин белгиледи.
"Эгерде соода алаканы алсак, Кытайды эсептебегенде Россия тышкы соода жүгүртүүнүн 70 пайызын ээлейт. Экономика темасы, жагымдуу шарттарды түзүү акырындык менен өргө бара жатат", — деди Сариев.
Ал Кыргызстанда кыргыз-орус биргелешкен 50гө чукул ишкана ачылганын, тараптар эми көбүрөөк технологиялык продукцияларга өтө аларын айтты.
"Кыргызстанда Эркин экономикалык аймакты эске алганда элүүгө чукул биргелешкен ишкана ачылды. Биздин технологиялык продукцияларга акырындап өтүшүбүзгө өбөлгөлөр бар",— деди ал.
Сариевдин айтымында, Кыргызстанда энергетика тармагына инвестиция тартуу өтө чоң мааниге ээ. Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси өлкөдөгү тигилген кийим-кечектин 90 пайызы Россияга экспорттолорун белгиледи.