Путин менен Си Цзиньпин видеобайланыш аркылуу сүйлөштү. Негизги билдирүүлөр

Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин видеобайланыш аркылуу сүйлөшкөнүн РИА Новости кабарлады.
Төмөндө РФ лидеринин сөзүндөгү урунттуу учурлар тизмектелди.

Эл аралык аренадагы кызматташуу

Россия менен Кытайдын алакасын ар тараптуу бекемдөө бардык талаптарга жооп берет;
Москва менен Пекиндин мамилеси саясий конъюктурадан көз каранды болбойт;
Россия менен Кытай биргелешип адилеттүү көп полюстуу дүйнө курууга дилгир;
Россия менен Кытайдын тышкы саясий байланыштарынын дүйнөлүк маселелерде турукташтыруучу ролу чоң.

Экономикалык кызматташуу

Россия Кытайга жаратылыш газын жеткирүү боюнча биринчи орунга чыкты;
Россия менен Кытай өнөр жай, транспорт, айыл чарба жана башка багыттарда бир топ долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууда;
Туристтик агымдар эки тарапта тең өсүүдө.

Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы

Фашизмди жеңүүдөгү тарыхый чындыкты коргоп, аны бурмалоого жол бербей сактоо чоң мааниге ээ;
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш Россия менен Кытай элдери үчүн ыйык.
Россия АКШнын жаңы бийлиги менен Украина боюнча диалогго ачык