Улуу Ата Мекендик согуш боюнча олимпиаданын финалчылары Москвадагы парадды көрөт

Жеңиш диктанты акциясынын катышуучулары. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Мектеп окуучулары үчүн Улуу Ата Мекендик согушка арналган олимпиада өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара 25-февралда башталат, бирок каттоо учурда жүрүп жатат. Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө Москвадагы Кызыл аянтта өтө турган Жеңиш парадын көрүүгө мүмкүнчүлүк берилери айтылды.
"Бул олимпиада дүйнөдөгү окуучулар үчүн интеллектуалдык сынак болуп эсептелет. Максаты — Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхын сактап, эрдиктерди унутпоо", — деп жазылган маалыматта.
Катталуу шилтемеси аркылуу жүргүзүлөт. Баса, олимпиаданын финалына чыккандардын жол кире, мейманкана чыгымдарын уюштуруучу тарап өз мойнуна алат.
Кызыл Аянттагы Жеңиш парадынын жүрүшү. Архив
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Белоусов: Москвада өтчү парадга шериктеш 19 өлкөдөн аскер бөлүктөр чакырылды