Соцобъектини мамлекетке кайтаргандар зыяндын ордун толтурушу керектиги айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова социалдык объектилерди кайтарууда келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселесин кароо керектигин айтты.
Бул маселе коррупционерлерге мамлекеттик жогорку кызматтарды ээлөөгө тыюу салган мыйзам каралып жатканда көтөрүлдү.
Кожокулова Башкы прокуратурага кайрылып, бул маселени иштеп чыгууну сунуштады.
"Мамлекеттик мүлктү кайтарган маалда алардын ушунча жыл бою колдонулганын дагы эске алышыбыз керек. Өмүр бою киреше тапкан (менчиктештирип алган адам), эми завод, жер тилкеси жана башка нерселерди кайтарып бергенде кирешесинин бир бөлүгүн төлөп берсин", — деди Кожокулова.
Буга чейин Камчыбек Ташиев 2020-жылдын октябрь айынан тарта мамлекетке 1 174 объект (жер, бакча, пансионат, стадион, завод ж.б.) кайтарылганын айткан.
Дептат Жеңишбек Токторбаев демилгелеген бул документ Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетинде биринчи окуудан өттү.
Баткендеги 550 млн. сомго бааланган жер мамлекетке кайтарылды