БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Жайыл районунда пенсионерди алдап кеткен эки аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдиришти.
Маалыматк ылайык, окуя 2024-жылдын 18-декабрында Кара-Балта шаарында болгон. Эки аял 77 жаштагы кемпирдин батиринен 600 миң сомун уурдап кеткен.
Кылмыш иши козголуп, 31 жана 27 жаштагы келиндер кармалганы кошумчаланды.