Кыргызстанда жаңы "Ала-Тоо" породасындагы койлор сыноодон өткөрүлүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстанда жаңы "Ала-Тоо" породасындагы койлор сыноодон өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал кыргыз койлору менен гиссар кочкорлорун аргындаштыруу жолу аркылуу алынган эт-май багытындагы жаңы тукум болуп саналат.
"Министрлик Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти жана Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институту менен биргеликте жаңы кыргыз эт-май "Ала-Тоо" породасындагы койлорду апробациядан өткөрүү үчүн түштүк облустарга комиссия жөнөттү", — деп айтылат маалыматта.
Комиссия ар бир фермердик чарбадагы койлорду изилдеп, "Ала-Тоо" породасынын башка түрлөрдөн айырмачылыктарын баалайт.
Мал кармоонун, айдап өтүүнүн эрежелерин бузгандарга айып салуу сунушталууда